Москвада динаятчы Сысоевди акыркы сапарга узатышты

Москвада чиркөө кызматкери Даниил Сысоев жайына берилди. Жөрөлгөгө көптөгөн дин кызматчылары, орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл катышты. Сысоев 19-ноябрда өз карамагындагы чиркөөдө киши колдуу болуп өлгөн. Тергөөчүлөр кылмыштын артында диний жүйөө болушу ыктымал деп болжошууда. Ал исламдын, секталардын сынчысы катары белгилүү болчу.