Иранда реформачы ишкер күрөөгө койо берилди

Иранда бүгүн (24-ноябрда) белгилүү реформачы Мохаммад Атрианфар абактан күрөөгө койо берилди. Тегеран шаарынын прокурору ИРНА маалымат агенттигине кабарлагандай, Атрианфар соттолуп, эркинен ажыратууга өкүм кылынгандан кийин 5 миллиард риал же 500 миң доллар күрөөгө убактылуу бошотулду. Дагы бир кабар агенттиги Атрианфар 6 жылга кесилгенин билдирди. Оппозициячыл ишкерлердин тобуна кирген бизнесмен  июндагы талаш-тартыш туудурган президенттик шайлоодон кийинки нааразылык чараларына  байланыштуу айыпталган. Ал реформачыл экс-президент Мохаммад Хатаминин жакын кишиси катары белгилүү. АА.