Орусия: Темир жол кырсыгы ондогон кишинин өмүрүн алды

Москва менен Санкт-Петербургдун ортосунда бараткан поезд жолдон чыгып кетип, бул кырсыктан кеминде 25 киши ажал тапканы айтылууда.
Мындан сырткары дагы бир канча кишинин дайыны табылбай жатат. Бомба жарылуусунан болду деп болжолдонгон кырсыкта дагы 100 чакты киши жараат алганы кабарланууда.

Улуттук темир жол компаниясынын жетекчиси Владимир Якуниндин айтымында, бир нече вагон темир жолдун түбүнө коюлган бомбадан улам аңтарылып кеткен болушу мүмкүн:

- Жардыруу болгон деген божомол да иликтенип жатат. Буга объективдүү себептер бар, бирок муну тергөө тастыкташы керек.

Орусиянын маалымат агенттиктеринин кабарына ылайык, прокурорлор терроризм жана мыйзамсыз курал сактоо боюнча кылмыш ишин козгоду.

Интерфакс агенттиги темир жолдун боюнан туурасы бир метр келген чуңкур табылганын кабарлады. Якуниндин айтымында, куткаруучулар тыным албай иштеп жатышат. Поезддер азыр кошумча жол менен жүрүп жатат. Бул окуя көп жылдардан берки эң каргашалуу кырсык болуп калды.

Ушул эле жолдо 2007-жылы да бомба жарылып, поезд жолдон чыгып кеткенде 30 чакты киши жараат алган.