Индиянын экономикасы үч айда дээрлик 8% өстү

Өлкөнүн өкмөтү өсүш июлдан сентябрга чейин 7.9%ды түзгөнүн кабарлап, “бул күткөндөн алда канча жогору болгонун” айтты. Аналитиктердин баамында, өндүрүштүн мыкты көрсөткүчү жана экономиканы стимулдаштыруу боюнча өкмөттүн планы оң натыйжасын берүүдө.