Турак-жай кодекси боюнча коомдук угуу болот

Жогорку Кеңеш демилге көтөрүп жаткан “Турак-жай кодекси: маселелер жана анын чечилиши” аттуу коомдук угуу Бишкекте 7-декабрда болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын кабарлашты. Маалыматка караганда, анда коммуналдык кызмат, инженердик жабдуулар, көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт маселеси, электр кубатына тарифтердин жогорулашы талкууланмакчы. (КЕ)