Иранда оппозициянын дагы бир гезити жабылды

Ирандын маалымат каражаттарды көзөмөлдөөчү органы реформачылардын Тегеранда чыгуучу “Жаңы өмүр” аттуу гезитин жапты. Фарс агенттиги мекемеге шилтеме жасап кабарлаганына караганда, басылма "маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы" үчүн жабылды. Баш калаада ансыз да реформачыл гезиттер аз чыгып калган. “Жаңы өмүр” оппозиция лидери Мирхосейин Мусавини колдочу. Анын жабылышы жөнүндө кечээки антиөкмөтчүл демонстрациялардан кийин дароо жарыяланды. Дүшөмбүдө полиция Мусавинин колдоочуларын күч менен таркатып, оппозициячыл кыймылдын айрым мүчөлөрү камакка алынды. Кошмо Штаттары жана Британия полиция менен демонстранттар ортосундагы кагылышууларга байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти. Жыл сайын 7-декабрда Иранда 1953-жылы өлтүрүлгөн 3 студентти эскерүү иш-чарасы өткөрүлөт.