М.Конгантиев АКШнын элчиси менен жолугушту

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлоосуна караганда, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 9-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллер менен жолугушту. Анда ички иштер министрлигинин кызматкерлерин даярдоодо, машыгуулар, окууларды өткөрүүдө кызматташуу маселелери талкууланды.(AiT)