АКШ коргоо министри Ирак премьери менен жолугушту

Пентагондун башчысы Роберт Гэйтс Ирактын премьер-министри Нури аль-Малики менен бүгүн Багдадда жолугушту. Кечээ ал бул өлкөнүн президенти Жалал Талабани менен кезигишкен эле. Мындан үч күн мурда Багдадда 130 адамдын өмүрүн алган жардыруулардын жоопкерчилигин “ал-Каидага” жакын уюм өзүнө алды.