Жусуп Абдрахмановду эскерген мелдеш өтөт

Каракол шаарында белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун элесине арналган самбо боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Самбо федерациясы билдирет. Турнир Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Самбо федерациясы жана Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан өткөрүлмөкчү. Балбандар Эл аралык самбо федерациясынын эрежелери боюнча күч сынашмакчы. (IJz)