Акимдердин орун басарларын губернатор дайындайт

“Ак жол” фракциясы бүгүнкү отурумунда “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана толуктоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык акимдердин орун басарлары губернатор тарабынан дайындалат. Ал эми губернаторлордун орун басарын президент дайындайт. (AJ)