Өкмөт башчы бир катар кызматтык дайындоолорду жүргүздү

Премьер-министр Данияр Үсөновдун буйругу менен бүгүн Кубанычбек Конгантиев өкмөттүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары, ал эми Нуржан Бардинова ушул эле агенттиктин статс-катчысы болуп дайындалды. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Мукталы Бектеналиев Маданият агенттигинин статс-катчысы болуп бекиди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. (EK)