АКШ элчилигин ММК коопсуздугу тынчсыздандырат

АКШнын Крыгызстандагы элчилиги акыркы кезде өзгөчө күчөгөн журналисттердин ур-токмокко алынышына терең тынчсыздануу билдирет. Бул тууралуу элчилик тараткан билдирүүдө айтылат. “Акыркы алты айда бир канча жазмакер токмоктолуп, 16-декабрда Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандыкжурналист Геннадий Павлюк киши колдуу болду. Кыргыз бийлиги бул кылмыштардын бетин ачууга болгон күчтү жумшоосу зарыл. Демократиялуу коомдо журналисттер коркпой-үркпөй, эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк алышы керек”, - деп жазылат билдирүүдө. (AiJu)