“Итек-Эйр” учууга уруксаат кагазын алдырып койгон

Учурда “Итек-Эйр” авиакомпаниясы ички жана эл аралык каттамдарды аткарган жок. Себеби 3-ноябрда аталган авиакомпаниянын лицензиясын Жарандык авиациялык компаниясы кайра кайтарып алган. Бул тууралуу “Итек Эйр” компаниясынын авиа коопсуздугу боюнча инспектору Александр Юнинков “Азаттыкка” билдирди.
Былтыр 24-августта Бишкек-Тегеран багыты боюнча учкан "Итек-эйр" авиакомпаниясына тиешелүү Боинг-737 учагы "Манас" аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй Жаңы-Жер айылынын тушунда кулап түшүп, күйүп кеткен эле. Кырсыктан учактагы 65 адам мерт болуп, 25 адам жана экипаждын 6 мүчөсү аман калышкан.
Кечээ бул кырсык боюнча боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту өкүмүн чыгарып, биринчи учкуч Юрий Гончаровду 5 жыл 2 айга, экинчи учкуч Тимофей Водолагинди 5 жылга жатак абакка (колония-поселение) кести. (AJ)