Ооз комузчу байбиче

Жалал-Абад облусунун Аксы районун Тегене айылынын тургуну 88 жаштагы Саткын Атаярова байбиче маңдайкы эки тиши гана калганына карабай ооз комуз кагып, ондон ашуун күү аткарып жүрөт. Учурунда Саткын эне өлкөгө таанылмал темир комузчулар Гүлжамийла Сейтикулова, Токтосун Тыныбековдор менен бирге күү чертишкен. Ал «Азаттыктын» Бишкектеги студиясында жаңы жыл алдында мейманда болуп, кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип, ооз комуз кагып берди

-Апа канчага чыктыңыз?

- Быйыл 88 жаштан аштым.

-Кайсы жерден келдиңиз?

-Аксынын Тегене деген айылынан келдим.

-Ооз комуз черткенди кимден үйрөндүңүз?

- Ооз комузду чоң энем чертчү, анан дагы бир эжем бар эле Тажы деген, ошолор чертчү эле, анда мен кичинекейимде кызыгып, алардыкын алып үйрөнүп калдым.

-Канча күү чертчү элеңиз?

- Мектепте окуганда кыздарды уюштуруп бешөө болуп какчубуз, Ажар, Салим, Кадийча, Гүлайша жана мен болуп, бешөөбүз «Кызыл атчандарды», «Ой тобону», «Забойщик», «Какей-Үкей», “Тагылдыр тоо” ошолорду, анан калганы эсимден чыгып кетти.

-Белгилүү ооз комузчу Гүлжамийла Сейиткулова менен чогуу өскөн экенсиз. Аны кандайча тааныйсыз?

-Анын акеси Сейиткулов Усман деген биздин айылга мугалим болуп барды. Анан алардын үйүнө Гүлжамийла барып калды, менден бир жаш кичүү болуш керек эле. «Кызыл жоолукчан» деген ырды ырдачу, “Мен Сеиткулова Гүлжамийламын” деп барып калды, ырдап калдык чогуу. Кийин Аксыга келип, анан артистке кошулуп кетиптир.

-Маркум Токтосун Тыныбеков агай ооз комуз кагып, жалпы журтка таанылган эмес беле, ал киши менен дагы тааныштыгыңыз бар беле?

- Токтосундун Үке деген апасы болгон экен, аябай мыкты кошокчу экен, комуз дагы, темир комуз дагы какчу дешет эле. Апасы, атасы өтүп кетет экен, анан ал бир туугандарынын колунда жүрөт. Анан агасын кийин согушта Карагандыга жиберип ийгенде, Жаңы-Жолдо биздикинде жүрдү. Анан ошол жерде, ал убакта жаш убагы, жоролорго барып ырдайт, жоолук-моолук берсе, мага алып келип берет эле. Ошентип жүрүп эле артисттер барганда кошулуп кеткен. Кайын энебиздин атасы менен Токтосундун чоң атасы бир тууган эле.

-Токтосун Тыныбековдун чыгармаларынан, күүлөрүнөн билесизби?

- Тыныбековдун «Жайлоодо» деген күүсү. Ошону аткарып берейин.

-Кызыңыз дагы кагабы?

- Кызым Гүлсүна дагы ооз комузду жакшы кагат.

-Кичинекей кезинен бери кагып жүрүп, анан сизден үйрөнүп алды да?

-Темир комуз, комуз чертет. Аны улантпай койбодубу, жакшы чертчү.

-Жоролордо, майрамдарда айылда эле кактыңызбы, же районго, облуска чейин барып кактыңыз беле?

-Мектепте жүргөндө райондордо, колхоздордо барып оюн коюп жүрдүк, анан ошондо ырдап, пьеса койчубуз. Жусуп Турусбековдун «Ажал ордунда» деген пьесаны коюп, мен Зулайка болуп роль аткарчу элем.

-Кийин эмнеге ушул өнөрүңүздү улантпай койдуңуз

-Билбейм анча маани бербей койдум окшойт, кийин турмушка чыгып кетип, анан ошол бойдон калып калды.

- АтаңызАлдаяр ак жеринен жалаага кабылып, сүрүнгө айдалган экен.Ал киши да казалчы болгон дешет. Атаңыздын казалдарынан айтсаңыз?

-Атамдык казалдарын айтсам, ыйлагым келип кетет. Айтса айтып берейин.

Айдалдым Жалал-Абаттан,
Азапты тарттым камактан,
Алда кандай күн болот,
Алла бир жараткан.
Баары туура болгон жок,
Арстанбаевдин сурагы,
Каршы болуп Шамайов
Каралоочу болгон бу дагы.
Акыйкаты чын болсо
Ак ийилип сынабы,
Караштырбай жумушту,
Калктын баарын кырабы?
Четинди менен жаңырык
Камоодо жатам мен мында
Кааың эл сени сагынып.
Жийде менен төө карын,
Агайын сени санасам,
Ичиме түшөт от жалын
Айдоого кеткен адамдын.
Талоонго кетти малдары,
Талаада калды балдары.

-Апа эми кайсы күүнү черткен атасыз?

-«Кызыл атчандар» деген күүнү кагып берейин.

-Темир комуздун өзгөчөлүктөрүн айтып бербейсизби. Себеби мунун тили, темири, ыргагы, ар бири өзгөчөлөнүп турат да. Сиздердин убагыңыздарда кандай эле?

-Биздин убагыбызда Жумаш деген уста бар эле, укмуш жасачу комузчу. Ошонукун кагабыз дечү элек. Беш-алтыны, же онду жасайбы, үнүн баарын бирдей кылып жасачу. Анан беш кыз какканда бир комуздун үнүндөй чыкчу эле.

- Азыркы комуздардын сапаты кандай?

- Азыркылардын үнү жакшы эмес, бийик эмес. Күңгүрөнүп чыгат. Тунук эмес.

-Эми кайсы күүнү ойноп бересиз.

- Эми «Ой, тобону» ойноюн.

-Ооз комуз какканда негизинен көмөкөй, анан ички дем, тиштер да керек да. Сиздин 88ге чыгып эки эле тишиңиз калыптыр?Кантип кагып жатасыз?

- Ошону менен эле эптеп атам. Обон таңдайдан келет да,тиш тосуп калат да. Менин эки тишим үндү жаш кездегидей муңкам чыгара албай калды.

- Мурун тиштериңиз бүтүн болгондо мындан башкача чыкчу беле?

- Оо, анда жакшы какчу элек да.

-Апа эми 88 жашка келипсиз, башка көп эле ооз комуз каккандарды көрүп, угуп жүрөбүз. Алардын каккандары сизге көңүлүңүзгө ынанабы?

- Ооз комузчулардан Сүйдүм Төлөкова жакшы кагат. Башкасы дайыны жок эле бир нерселерди кагып атат.

-Пенсияңыз кенен басып, тамак ичкенге жетеби?

-Жетпейт да, кийим-кече керек өлбөгөн кишиге, башка оокаты, тирилиги болот, пенсия аз, жетпейт. Баарын кымбаттатып, бизди кууратты го.

-Эми сиз көптү көргөн кишисиз, канткенде кыргызстандык элдердин жашоосу оңолот?

-Оңолушка президент жакшы болуш керек, элге жакшы кайрылып, элди жакшы караш керек. Ак ниет, чынчыл болуш керек. Элдин акчасын, эмгегин уурдабай турган киши болуш керек. Элине, жерине күйгөн киши болсо эле, эл, жерине аракет кылып, оңолуп кетет элек. Ал эми азыркы президенттериң жегенден, ичкенден башканы билбесе керек. Элин дагы, жерин дагы саткан оңбойт. Илгеркилер жерин сатмак түгүл, жерин көздүн карегиндей сактап коргогон да. Эмикилер элин, жерин сатып атат, бул деген чыккынчылык ал.