Өткөн жылы 11-айда 41 миңден ашуун кыргыз жараны орус жарандыгын алды

Бул тууралуу “Эхо Москвы” радиосуна 30-декабрда берген интервьюсунда Россиянын миграциялык кызматынын маалымат катчысы Елизавета Панкратова билдирген. 2008- жылы 42 миң 809 кыргызстандык орус жарандыгын алган. Жалпысынан Россияда кыргыз эмгек мигранттарынын саны 500 миңден ашуун экени маалымдалып келет. (AiT)