Жаңы жылдын алгачкы үч күнүндө 300 кылмыштын бети ачылды

ИИМ басма сөз кызматынан кабарлашкандай негизинен уурдоого жана тоноого байланышкан кылмыш иштери ачылды. Көптөгөн чөнтөк телефондор жана акчалар ээлерине кайтарылып берилди. Мындан тышкары Чүйдө жайыттан уурдалган 13 жылкы милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында бир сутканын ичинде табылып, ээсине кайтарылды.(ZKo)