Коомдук парламентке бийлик жооп бере элек

Бул тууралуу Коомдук парламенттин төрага орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында, 15-декабрда Коомдук парламент жыйын куруп, "өкмөттүн тариф саясаты элге каршы келет деп",- бийликке бир катар талаптарды койгон. “Эгерде бийлик биздин жолдогон катыбызга жооп бербесе, расмий билдирүүлөр менен чыгабыз”,- дейт А.Сасыкбаева. Ал ошондой эле Коомдук парламент январь айынын соңунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча жыйын өткөрүшөөрүн эскертти. Коомдук парламент оппозициялык күчтөр тарабынан мындан бир жарым жыл мурда түзүлгөн. (AJ)