Оогандыктар келечекке оптимисттик маанай менен карашат

Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, оогандыктар келечекке, былтыркыга салыштырмалуу, позитивдүүрөк карашат. Эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн сурамжылоого 1 миң 500дөн ашуун адам катышкан. Алардын 70 процентиндейи өлкө туура багытта баратат деп санаарын айтышкан. Былтыр болсо мындай көз карашын респонденттердин 40 проценти билдирген. 4 кишинин 3өө күзгү шайлоонун жыйынтыгына канааттанат. Ошончолук эле адам президент Хамид Карзай коопсуздукту чыңдап, экономикалык абалды жакшырта алат деп ишенет. Суралгандардын 90 проценти коррупцияны Ооганстандын эң чоң проблемасы катары сыпаттаган.