Ооганстанда НАТОнун аскерлери 13 жикчини өлтүрүштү

Козголоңчулар өлкөнүн түштүгүндөгү Хелманд вилоятындагы ракета чабулуунан өлгөнү айтылды. Хелмандда кечээ да ракета учурулган, үч жикчи андан набыт болгон. Урузганда болсо дүйшөмбүдө жанкечтинин жардыруусунан бир полисмен мүрт кетти, экөө жаракат алды.