Алайда нааразылык акциясы уланууда

Бул тууралуу Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалай Зикиров бүгүн билдирди. Анын айтымында, Сопу-Коргон айылына жакын жерде төрт боз үй тигилип, жүздөн ашуун киши турат. Акцияга чыккандардын тамак-ашын жергиликтүү калк камсыз кылып жатат. Алай райондук прокурору акцияга чыккандарды мыйзамсыз аракеттенип жатышканын эскерткен.