Ош облгубернатору акцияга чыккандар менен жолугушту

Губернатор М.Бакиров генерал И.Исаковдун тарапкерлеринин Ош-Эркечтам жолун тосуу аракетин мыйзамсыз кадам катары баалап, чогулгандарды тарап кетүүгө үндөдү. Сопу-Коргон айылында чогулган эл губернатордон Бишкекке өкүлдөрүн жиберип президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусун талап кылды. М.Бакиров болсо президенттин кабыл алуусуна жооп бере албастыгын айтты. Анын жообуна чогулган эл нааразы болушууда.Учурда 200гө чукул адам нааразылык акциясын улантууда. Генерал Исмаил Исаковду абактан бошотуу талабы менен чыккан 400гө чукул адам бүгүн кечке маал Ош-Эркечтам жолун тосуп, аларды милиция кызматкерлери күч менен таратып, жолду тазалашты. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев билдирди. (AJ)