Кытай Иран боюнча сүйлөшүүгө майда чиновнигин жөнөттү

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча эртең ишембиде Нью-Йоркто өтө турган Ирандын өзөктүк куралдары боюнча сүйлөшүүгө Кытай майда чиновнигин жөнөттү. Бул жыйынга Кошмо Штаттарынан тышкары Улуу Британия, Франция, Орусия, Германия жана Кытай катышып жатат. Эл аралык коомчулук Иран массалык кыргын салуучу курал жасоого камданып жатат деп шектенип келатат, ошондон улам АКШ Иранга санкция киргизүү демилгесин көтөрүп жатат. Эксперттердин айтымында Кытай майда чиновнигин олуттуу сүйлөшүүгө жөнөтүп, Иранга санкция киргизүүгө каршылыгын дипломатиялык тилде билдирип жатабы деп болжоп атышат.