Кардын калың жаашы жол кыймылына тоскоолдук кылган жок

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик бөлүмүнөн бүгүн эрте менен кабарлашты. Маалыматка караганда, 17-январдан 18-январга караган түнү Бишкек-Ош жолунунун 132 чакырымы менен 198 чакырымынын ортосунда жеңил көчкү жүрүп, ал бир сааттын ичинде тазаланып, жол кыймылы калыбына келтирилген. Борбор шаарда жааган кардын калыңдыгы 20 сантиметрден ашык экендиги кабарланууда. (AiT)