Апта көз ирмеми: 9-15-январь (ZMa)

12-январда Гаитиде катуу зилзала орун алды. Күчү 7 баллга жеткени жер титирөө 10 миңдеген кишинин өмүрүн алып кетти. Эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Гаитинин тургундары таза суу, азык-түлүк жана медициналык жардамга муктаж.

Сүрөттө: Украинанын президенти Виктор Ющенко Черкассы шаарындагы үгүт иштери маалында. - 17-январда өткөн президенттик шайлоодо эки негизги талапкерге артыкчылык берилди. Булар - учурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко жана оппозициядагы саясатчы Виктор Янукович.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын жанындагы Буни Хисорак кыштагында жашаган ондогон үй-бүлө башка райондорго көчүүгө мажбур болушту. Алардын көпчүлүгүнө бийлик өкүлдөрү жаңы үй бере элек.

14-январда Тегеранда жүздөгөн ирандыктар физика боюнча профессор Масуд Али Мохаммадини акыркы сапарга узатышууда. Мохаммади 12-январда үйүнүн жанында бомбанын жарылуусунан набыт болгон.

Египеттин ордо калаасы Каирде миңдеген демонстранттар Нага Хамади шаарындагы христиандарга карата зомбулукту токтотууну талап кылышты. Ыйсанын туулган күнүндө мусулмандар менен христиандар ортосунда кагылышуу болуп, алты адам набыт кеткен.

Ооганстандын улуттук армиясы Кабулдун жанында француз жоокерлери менен биргеликте машыгууда.

Кабулда баласы менен бирге кайыр сураган ооган аял.

Сүрөттө: Болгарлар Габровдол кыштагында шайтандарды кууган “Кукери” бийин билеп жатышат.

Сүрөттө: Санкт-Петербургдагы Владимир Лениндин айкели.