Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжамал Султаналиева кечээ башталган мектеп турмушуна жана балдардын укуктарына арналган тегерек үстөл талкуусунда билдирди. Тегерек үстөлдө маалым болгондой мектептердеги башкы көйгөй - балдардын мектепке барбай жатышы. Анын башкы себеби катары ата-энелердин көчүп-конуп жүрүшү, мектеп курагындагы балдардын иштеп кетиши аталууда. Парламенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда мектеп проблемасын Жогорку Кеңеш февралга белгиленген парламенттик угууда талкуулап, бийликке сунуштарын берген атат. (BuS)