Орусия НАТО менен алакасын расмий калыбына келтирди

2008-жылдагы орус-грузин согушунан кийинки дипломатиялык «тымтырстыктан» кийин мамилелердин расмий деңгээлде кайра жанданышын билдирип, 26-январда Орусиянын Башкы Штабынын жетекчиси Николай Макаров НАТОго мүчө 27 өлкөнүн коргоо министирлери менен жолугушту. Анда каракчылыкка каршы техникалык кызматташтык жана терроризм менен күрөштү жакшыртуу маселелери каралары кабарланган.