Маалымат коопсуздугу парламенттик угууда талкууланат

Кечээ Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият, спорт комитетинин жыйынында айтылганга караганда бул маселе келерки айда каралган атат. Өз жыйынында комитет маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы жасалган кылмыш фактылары боюнча Ички иштер министри Камбараалы Конгантиевдин маалыматын укту. Министрдин айтымында 2005-жылдан бери журналисттерге кол салууларга байланыштуу 26 кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө киши өлтүрүү, бирөө өлтүрөм деп коркутуу, калгандары тоноо, бейбаштык деген негиздер менен козголгон. Тогуз иш сотко өткөн.
Ушул эле комитет жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев журналисттерге байланышкан бардык кылмыш фактылары президенттин өзгөчө көзөмөлүндө турарын, бийлик кылмыштардын ачылышына кызыкдар экенин айтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Журналисттердин укуктарын коргоочулар өз кезегинде ИИМдин маалыматтары менен көз карандысыз иликтөөлөр бири-бирине кайчы келип жатканын айтышууда. (BuS)