Облус губернаторлорунун орун басарлары дайындалды

Президенттин буйругу менен С.Сыдыкова, М.Муканбетов Ысык-Көл облусунун, И.Ниматова, А.Алымкожоев Баткен облусунун, А.Кулуев, А.Наватова Ош облусунун, А.Акбаров, Д.Алимжанова Жалал-Абад облусунун, Н.Султанбаева, Э.Сапарбаев Нарын облусунун, С.Айдаралиев, Б.Сапарбаева Талас облусунун, Р.Албаев, Р.Суранчиева Чүй облусунун губернаторунун орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)