Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин бүгүнкү маалымдоосуна караганда, Бишкекте 6 киши, Сопу-Коргондо он киши ачкачылык акциясын улантып жатышат. Алардын талабы Исмаил Исаковду абактан бошотуу жана саясий куугунтуктарды токтотуу болуп жатат. Ал эми Исмаил Исаковдун жакындарынын билдирүүсүнө караганда, бүгүн И.Исаковго кызы жана небересинин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берилген жок.(AiT)