Мигранттар жашоосу тууралуу фильм көрсөтүлөт

Турмуш-жашоону оңдоо максатында Казакстан жана Орусияга иштеп кеткен кыргызстандык жарандардын турмуштарын чагылдырган даректүү тасмалар Борбор Азиядагы Америка университетинде 10-февралдан баштап көрсөтүлөт. Анда “Мир” телеканалынын директору Динара Сүймалиеванын “Гасторолерлор” деген тасмасы тартууланат. Д.Сүймалиева бул фильмди Казакстандын талааларында жана Орусиянын айрым шаарларынын “Интерньюс Нетуорктун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен тарткан. (КЕ)