“Интербилим” Маммүлк министрине кайрылды

“Интербилим” Борбору Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго “Түндүк электр” акционердик коому менен “Кыргызтелеком” акционердик коомунун сатылышына байланыштуу түшүндүрмө сурап кайрылды. Жарандык коом өз кайрылуусунда “Түндүк электр” ишканасын сатып алган “Чакан ГЭСтин” канча активи бар экендигине, 74 млн. долларлык инвестициялык милдеттенмени кайсы каражаттын эсебинен төлөрүнө, сатып алуучу жакынкы 10 жылдагы тарифи кандай болоруна, бөлүштүрүүчү компаниянын карызын сатып алуучу эсепке алган-албаганына, сатып алуучу милдеттенмелерди аткарбаган шартта колдонулчу санкцияларга кызыккан. Ошондой эле бейөкмөт уюмду "Кыргызтелекомду"сатуу боюнча экинчи тендер качан жарыяланганына, конкурстук комиссия качан чогулганына, конкурстук комиссияга байкоо жүргүзүү болгон-болбогонуна, конкурска утуп алган тараптан башка кимдер катышканына кызыккан.
5-январда “Кабар” агенттигинде жарыяланган маалыматка караганда “Түндүк электр” акционердик коомунун мамлекеттик акцияларын “Чакан” ГЭС акционердик коому 3 миллион долларга, “Кыргызтелеком” акционердик коомунун 78% акциясын курамына төрт юридикалык тарап кирген концорциум 40 млн. долларга сатып алган. (BuS)