БЭК 20-февралда талылуу маселелерди талкуулайт

Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү бийлик башында турган бир үй-бүлө баарын колго алып, эми элдин байлыгы болгон өлкөнүн стратегиялык тармактарын менчикке сата башташты. Андыктан, өлкөнүн бардык аймактарындагы БЭКтин өкүлдөрүн чогултуп, 20-февралда өтчү кеңейтилген жыйында мындан ары мындай жашоого болбой калгандыгы тууралуу маселе ортого коюлмакчы. А.Бекназаровдун айтымында, ага жараша бийлик өткөрүп аткан Ынтымак курултайына тушма-туш чыныгы элдик курултай да чакырылышы ыктымал.

Ал эми бийлик өкүлдөрү Ынтымак курултайына өлкөнүн бардык аймактарындагы абройлуу адамдар топтолорун, курултайдын курамына оппозициялык маанайдагылар да кире аларын айтып жатышат. (IJz)