Бүгүн мамлекеттик дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов кышкы олимпиадага катышуучу Ольга Решеткова менен Дмитирий Трелевскийге жана алардын машыктыруучуларына олимпиадада кийе турган ар бири 44 миң 480 сомдук баадагы атайын кийимдерди тапшырды. 12-февралда Канаданын Ванкувер шаарында өтүүчү кышкы олимпиадага лыжа боюнча мелдешке Кыргызстандан эки спортчу катышат. (AJ)