Украинадагы президенттик шайлоодо Янукович жеңгендей

Президенттик шайлоонун кечээ өткөн экинчи айлампасындагы добуштардын 99%дан ашууну саналгандан кийин оппозиция лидери Виктор Янукович атаандашы, премьер- министр Юлия Тимошенкодон 3%дан ашуун алдыга чыкты. Шайлоочулардын 4%ы эки талапкерге тең каршы добуш беришкен. БШКнын бул маалыматына чейин эле өзүн жеңүүчү деп жарыялаган Янукович тарапкерлерин куттуктап, Тимошенкону жеңилгенин моюнга алууга чакырды.

Эгер шайлоодогу жеңиши ырасталса, бул - 2004-жылкы Саргылт ыңкылап аркылуу четке сүрүлүп ташталган Януковичтин жылдызы кайра жанганы болот. Анда Януковичтин президенттик шайлоодогу алгачкы жеңиши добуштар бурмаланды деген жүйөө менен көтөрүлгөн элдин нааразылык демонстрацияларынын натыйжасында жокко чыгарылган.