Иран: Чет элдик журналисттер майрамдык салтанаттан четтетилди

Иран өкмөтү Ислам ыңкылабынын 31-жылдыгына арналып, бүгүн бейшемби күнү өтчү көчө жүрүштөрүн чет элдик кабарчылардын чагылдыруусуна тыйуу салды. Өз кезегинде Иран оппозициясы эртең жума күнү анти-өкмөттүк демонстрацияга чыгаары маалымдалды. Бийлик нааразылык акциясына каршы катаал чара көрүлөрүн эскертти. Иран полициясынын акими, генерал Исмайыл Ахмади Могхадам оппозициянын активисти деп шектелген бир нече адам камакка алынганын билдирди.