Орусиянын коопсуздук күчтөрү Ингушетияда 20 согушкер өлтүрүлгөнүн билдиришти

Федералдык коопсуздук кызматы кечээ Ингушетиянын Чеченстан менен чектеш тоолуу аймактарында башталган операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Өкмөттүк күчтөр арасында жоготуу жок, согушкерлер менен салгылаш уланууда.