Бүгүн сүйүшкөндөрдүн күнү!

Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө. Ыйык Валентин же сүйүшкөндөрдүн күнү католиктердин майрамы болуп саналат. Бирок кийинки кездери бул дата массалык мүнөзгө ээ болуп, бардык сүйүшкөндөрдүн майрамы катары майрамдалып келүүдө. Адатта бул күнү сүйүшкөндөр бири-бирине ыйык сезимдерин билдиришип, кооз букеттерди, белек-бечкектерди тартуулашат.

Бул күндүн тарыхы биздин заманга чейинки 269-жылга барып такалат. Дал ошол жылы 14-февралда Рим императору Клавдий экинчи сүйүшкөндөрдү жашыруун баш коштуруп жүргөн чиркөө кызматкери Валентинди өлүм жазасына буюрган. (IJz)