В. Янукович Украинанын президенти деп жарыяланды

Украинанын БШКсы 7-февралдагы президенттик кайра шайлоодо Виктор Янукович жеңгенин жекшемби күнү ырасмий түрдө тастыктады. Региондор партиясынын лидери премьер-министр Юлия Тимошенкодон 3, 48 процент добуш көп алган.

Эл аралык байкоочулар Украинадагы шайлоону демократиянын талаптарына ылайык өттү деп баалаган эле.