Ооган согушунун курмандыктары эскерилип жатат

Азыр Бишкектеги “Ата-Түрк” гүлбагында Ооганстандан Советтер союзунун аскерлеринин чыгарылышына байланыштуу эскерүү кече башталды. Ага ооган согушунун катышуучулары, коомдук-саясий ишмерлер катышып жатат. Советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн аскерлери Ооганстандан мындан жыйырма бир жыл мурун чыгарылып кеткен. СССР жоокерлерин 1979-жылдын этегинде киргизген. Согушка Кыргызстандан жети миңден ашуун аскер катышкан. Алардын эки жүз элүүсү каза болуп, алты жүздөйү ар кандай жарат менен кайткан. (EBM)