Астана аскерлерин ЖККУнун туусу астына коймок болду

Казакстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Тез аракеттенчү күчтөрүнө кошулуу жөнүндөгү келишимди бекитти. Президент Назарбаев документке колун койгонун ырасмий Астана кечээ 17-февралда маалымдады.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Россия, Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.