Германияда эң ири авиакомпания менен анын учкучтары ымалага келишти

Эки ортодо жетишилген макулдашууга ылайык Люфтганза авиакомпаниясынын 4 миңдей учкучу түн ортосунан тарта иш таштоосун бери дегенде 9-мартка чейин токтотушту. Франкфурт шаарынын сотунда эки саатка созулган угуудан кийин учкучтардын профсоюзу компания жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууга макул болду. Европанын эң ири авиакомпанияларынын бири – Люфтганзанын учкучтарынын иш таштоосу бир күнгө созулду. Башында ал төрт күнгө белгиленген эле. Компаниянын эсебине караганда, иш таштоодон келүүчү чыгым төрт күн ичинде 100 миллион еврого жетмек.