Нарын шаарында 24-февралда тынч митинг өтөт

Нарындык жарандык демилгелүү топтун маалыматына караганда, Нарын шаарынын атуулдары 2010- жылдын 24-февралында шаардын РТС аймагындагы "Нарын -70" эс алуу паркында электр кубатына тарифтин кымбатташына байланыштуу тынч митинг өткөрөт.
Маалыматта митингди уюштуруучу жарандык демилге тобунун мүчөлөрүнө учурда жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болуп жатканы белгиленген. (AJ)