АКШ элчиси Кыргызстанга ыраазычылык билдирди

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда АКШ элчиси, Ооганстан, Пакистан боюнча атайын өкүл Ричард Холбрук 21-февралда Астанада Борбор Азия боюнча сапарын жыйынтыктап жатып Кыргызстандын колдоосу үчүн ыраазылыгын билдирди. “Кыргызстанда биздин маанилүү Транзит Борборубуз – “Манас” аба майданында аскер кызматкерлерибиз токтоп, Ооганстанга барчу жана кайра тартчу Транзит Борборубуз бар. Бул - биздин аракеттерибиздин өтө маанилүү бөлүгү. Бул иште колдоо көрсөткөнү үчүн Кыргызстанга ыраазыбыз” деди Холбрук Астанада.
Элчи Холбрук Кыргызстанда 19-февралда болуп, президент Курманбек Бакиев менен жолугушкан. Анда Ооганстандагы, Пакистандагы кырдаалды талкуулашкан. Ушул эле сапарында элчи “Манастагы” транзит борборунда болуп, Ооганстанга бараткан жана кайра кайткан аскер кызматкерлери менен жолугушкан. (BuS)