2003-жылдан бери 240 миң киши Орусиянын жарандыгын алган

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин орун басары Токтосун Сабыровдун бүгүн Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, 2003-жылдан тартып 240 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алышкан. Т.Сабыров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда жыл сайын 50 миң адам өзүнүн жарандыгын алмаштыра тургандыгын кабарлады. Депутаттар көп учурда ишке жарамдуу адамдар башка өлкөгө иштегени кетип жатканын, буга чек коюу зарылдыгын белгилешти. (КЕ)