Бишкекте “Шаарыбызда жаз” көргөзмөсү ачылды

8-март - Аялдардын эл аралык майрамын утурлай отуздан ашуун сүрөтчү айымдар өздөрүнүн живопись, графика жана декоративдик-прикладдык искусстводогу иштерин көрсөтүшүүдө. Сүрөтчү айым ассоциациясы жана Кыргызстандын искусство изилдөөчүлөрү уюштурган бул көргөзмө “Кыргыз Артекс” борборунда өтүп жатат. (КЕ)