Орусиянын миңдеген жарандары Европадан саясий башпаанек суроодо

Европанын Статистика боюнча агенттигинин маалыматына караганда, 2009-жылдын үчүнчү чейрегинде Евробиримдик өлкөлөрүнөн саясий башпаанек сураган орус жарандарынын саны 5 миңден ашкан. Бул - башка өлкөлөрдүн жарандары менен салыштырганда эң көп көрсөткүч. Ал эми саясий башпаанек сурагандар арасынан эң чоң категория чечендер жана Түндүк Кавказдын башка республикаларынын тургундары. Бирок Европадан башпаанек издегендер арасында саясий активисттер, адам укугун коргоочулар, журналисттер да бар.