Пикет өткөрүүгө тоскоолдук кылганы үчүн милиция кечирим сурады

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровду 28-январда, 1-февралда Улуттук телеканалдын алдына пикетке чыкканда мыйзамсыз тоскоолдук жасаганы, мыйзамсыз кармаганы жана ага карата мыйзамсыз административдик материал чогултканы үчүн Ленин РИИБнүн жетекчисинин орун басары Канат Досов кечээ расмий түрдө Ө. Токтонасыровдон кечирим сурады. Бул тууралуу Ө. Токтонасыровдун адвокаты А. Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда буга Ленин райондук прокурору Г. Кожокулованын “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Ө. Токтонасыровдун берген арызына байланыштуу чыгарган токтому негиз берди. 1-февралда УТРКнын алдына “Азаттык” үналгысына жыштыктан орун берүү, жалпы Кыргызстанга үналгыны жеткирүү талабы менен пикетке чыккан Ө. Токтонасыровду Ленин РИИБнүн кызматкерлери кармап, ага байланыштуу иш сотко ашырылган. Сот административдик материалды мыйзамсыз чогултулган деп эсептеп, кайрадан РИИБгө кайтарган болчу. Ошол эле учурда өзүнүн пикет, митингге чыгуу укугун бузду деген доо арыз менен Ө. Токтонасыров Ленин райондук прокуратурасына кайрылган.