Бүгүн СДПФ эки депутатка көбөйөт

БШК бүгүн Социал-демократтар партиясынын эки мүчөсүнө Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырары күтүлүүдө. Партиялык тизме боюнча мандаттын кезегинде Карамат Орозова менен Сагын Абдырахманов тургандыгын СДПдан кабарлашты.
Жогорку Кеңеш февралдын башында партиянын парламенттеги фракциясынын мурдагы мүчөлөрү Бакыт Бешимов менен Кубанычбек Кадыровду депутаттык мандаттарынан ажыратышкан. Президенттик шайлоодон кийин Бакыт Бешимов өмүрүмө коркунуч келди деп, Кубанычбек Кадыров Балыкчы окуясында башкы күнөкөр деп табылып, депутаттык кол тийбестигинен ажыратылгандан кийин чет өлкөгө чыгып кетишкен. (BuS)