Орус өкмөт башчысы Грузия менен мамиле оңолоруна үмүттөнөт

Владимир Путин бул тууралуу Москвада грузин оппозициясынын лидерлеринин бири, парламенттин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе менен жолугушуу учурунда билдирген. Грузия менен Орусиянын расмий байланышы 2008-жылдын августундагы кыска согуштан бери тоңдурулуп турат. Мурда президент Михаил Саакашвилинин саясий өнөктөшү болгон Буржанадзе ошол согуштан бери анын сынчысына айланган жана келечекте Саакашвилини алмаштыруусу ыктымал саясатчы катары эсептелинет. Өткөн аптада Орусия менен Грузия эки өлкөнү түз байланыштырган жалгыз чек ара бекетин кайра ачышты. Эки өлкө Грузиянын андан ажырап кеткен аймагы - Түштүк Осетиядан улам согушкан. Кийинчерээк Орусия Түндүк Осетияны жана Грузиянын дагы бир жикчил аймагы – Абхазияны көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган.