Америкалык "Reserve Generation" Кыргызстанда концерт коюп жатат

Аталган топ концертин 5нен 12-мартка чейин Бишкекте жана Токмоктогу маданий жайларда өткөрүүдө. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, бул топтун мүчөлөрү учурда Кошмо Штаттардын аскердик-аба күчтөрүндө кызмат өтөшөт. Алар белгилүү хит, жаз, ритм жана блюз, кантри өңдүү жанрдагы музыкаларды аткарышат. (EBM)